Израил Газада дагы 2 журналистти өлтүрдү...

Газадагы өкмөттүн басма сөз кеңсесинен берилген маалыматта Израиль учактарынын Хан Юнус шаарында нөөмөттө турган 2 журналистти ташыган унааны бутага алганы белгиленди.

2085495
Израил Газада дагы 2 журналистти өлтүрдү...

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына абадан сокку уруусунан дагы эки журналист каза болду.

Газадагы өкмөттүн басма сөз кеңсесинен берилген маалыматта Израиль учактарынын Хан Юнус шаарында нөөмөттө турган 2 журналистти ташыган унааны бутага алганы белгиленди.

Билдирүүдө Мустафа Сүреййа жана Хамза Эд-Дахдух аттуу 2 журналисттин кол салууда каза болгондугу билдирилип, Хамзанын Аль-Жазиранын кабарчысы Ваил Эд-Дахдухтун уулу экени ортого салынды.

Билдирүүдө Израилдин кол салуулары башталгандан бери (7-октябрь) Газада каза болгон журналисттердин санынын 109га жеткени белгиленип, Израиль армиясынын журналисттерге кол салуулары эң катаал сөздөр менен айыпталды.

Билдирүүдө ошондой эле маалымат каражаттары жана адам укуктары уюмдары кол салууну айыптоого жана Палестина элине каршы геноцидди токтотуу үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө чакырылды.

Хамас Израиль армиясынын эки журналистти өлтүрүшүн «согуш кылмышы» деп мүнөздөдү.

«Сионисттик баскынчылардын журналисттер Дахдух жана Сүрейяны бутага алуусу атайылап жасалган согуш кылмышы болуп саналат, бул журналисттерди террорго салуу жана аларды чындыкты билдирүүдөн жана баскынчылардын кылмыштары тууралуу маалымат берүүдөн кайтарууну көздөйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Израилдин Газада 109 журналист болгон Палестина калкына карата коркунучтуу кыргын кылганына көңүл бурулган билдирүүдө : «Бул бузуку режимдин соттолушу үчүн эл аралык адам укуктары уюмдарын элибизге каршы жасалган кылмыштарды документтештирүүгө чакырабыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар