Кермандагы жардырууда каза болгондордун саны 91ге жетти

Тез жардам  борборунун катчысы Бабек Йектаперест жаралуулардан 2 кишинин дагы каза болгондугун билдирди.

2085105
Кермандагы жардырууда каза болгондордун саны  91ге  жетти

Ирандын Керман аймагында Касым Сүлейманинин мүрзөсүнө жакын жерде  болгон террордук кол салууда каза болгондордун саны  91ге жетти. 

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда кол салууда жараланып ооруканага жаткырылгандардын абалына байланыштуу маалымат берген Тез жардам  борборунун катчысы Бабек Йектаперест жаралуулардан 2 кишинин дагы каза болгондугун билдирди. 

Учурда ооруканаларда 102 кишинин дарыланып жатканын, 11 кишинин  абалынын оор экенин белгилеген Йектаперест : «8 жаштагы Таха Шадкам менен 67 жаштагы Саид Шехневазинин өлүмү менен бул террордук кол салууда  шейит болгондордун саны өсүп 91ге жетти», -деди.

Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин 2020 - жылдын январь айында АКШнын Багдаддагы өлтүрүлүшүнүн 4 жылдыгына карата 3 - январда эскерүү өткөрүлгөн Кермандагы көрүстөнгө баруучу жолдо эки жардыруу болду.

Ирандык жетекчилер  жардыруулардын жан кечтилик бомба чабуулдарынын натыйжасында болгондугу аныкталганын жарыялашты.

284 киши жаракат алган кол салууну ДЕАШ террордук уюму моюнга алды.

Окуядан кийин башталган операцияларда  6 аймакта  11 кишинин камакка алынгандыгы жана жан кечти бомбалардан бирөөсүнүн тажик тектүү экендиги аныкталгандыгы билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар