Швецияда катуу жааган кар күнүмдүк турмушка таасирин тийгизүүдө

Муздак аба толкунунун жуманын акырына чейин катуу болору күтүлүүдө.

2084812
Швецияда катуу жааган кар күнүмдүк турмушка таасирин тийгизүүдө

Швециянын түштүгүндө калың жааган кар күнүмдүк турмушка таасирин тийгизүүдө.

Калың жааган кар муз тоңуу жана катуу бороондон улам Хорби менен Кристианстаддын ортосундагы Е22 автожолунда унаа кыймылы токтоду. Болжол менен миңге жакын унаа тыгында калып, аймакка куткаруу топтору жөнөтүлдү.

Өлкөнү түндүгүндөгү Квиккжокк-Арренжарка аймагында абанын температурасы минус 43,6 градуска чейин төмөндөдү. Бул өлкөдө акыркы 25 жылда катталган эң төмөнкү температура болду.

Муздак аба толкунунун жуманын акырына чейин катуу болору күтүлүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар