Иранда болгон кол салууда каза болгондордун саны 89га жетти

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин Керман губернаторлугуна таянуу менен берген кабарында каза болгондордун арасында 12 бала жана 33 аялдын бар экендиги жана 12 кишинин Афганистан жараны экени белгиленди.

2084845
Иранда болгон кол салууда каза болгондордун саны  89га жетти

Ирандын Керман аймагында Касым Сүлейманинин мазарына жакын жерде болгон  2 башка ажарылууда жаракат алган 5 кишинин дагы каза болушу менен каза болгондордун саны  89га жетти. 

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин Керман губернаторлугуна таянуу менен берген кабарында каза болгондордун арасында 12 бала жана 33 аялдын бар экендиги жана 12 кишинин Афганистан жараны экени белгиленди.

Кол салууда 284 кишинин жараланганы, көпчүлүгүнүн ооруканадан чыгарылганы, жаралуулардын айрымдарынын абалынын оор экендиги маалымдалды. билдирилди.

Бир тараптан Ирандын президенти Ибрахим Реиси бүгүн Керманда өткөрүлгөн жаназа зыйнаты  үчүн аймакка барды. Жаназа зыйнатына Төңкөрүш Гвардиясынын генералы, командир Хүсейин Селами жана жогорку даражалуу жетекчилер да катышты. 

Мурунку күнү Керман аймагында  Иран Төңкөрүш  Гвардиясынын Кудс күчү  командири Касым Сулейманинин  2020 - жылдын январь айында АКШнын Ирактын борбор шаары Багдаттагы кол салуусунда өлтүрүлүшүнүн  4 жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүүдө  көрүстөндүн жакынында  террордук кол салуу болгон.

Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды. 

 



Тектеш кабарлар