Япониядагы жер титирөөлөрдө 92 киши каза болду

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматы боюнча, Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде 1 -  2 - 3 жана 4 - январда күчү 4 жана 7 баллга жеткен жер титирөөлөр болду.

2084809
Япониядагы жер титирөөлөрдө 92 киши каза болду

Япониянын батышындагы Исикава префектурасында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 92ге жетти.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматы боюнча, Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде 1 -  2 - 3 жана 4 - январда күчү 4 жана 7 баллга жеткен жер титирөөлөр болду.

Жарым арал аймагында бүгүн да жер титирөөнүн болгондугу билдирилди.

Исикава префектурасынын губернаторлугу аймактагы жер титирөөлөрдө  92 кишинин каза болгондугун, жалпы аймакта 300дөн ашуун жаралуунун дарылангандыгын маалымдады.

40тан ашуун кишинин уранды астында экендиги, жабылган жолдордон улам 700дөн ашуун кишинин түрдүү жерлерде камалып калгандыгы белгиленди.

Жалпы аймактагы  165 мектептин жарым  - жартылай зыян тарткандыгы, 370 эвакуация эскертмесинде болжол менен 33 миң кишинин жайгаштырылганы билдирилди.

Ното жарым аралында тынымсыз жааган жамгырдын жер көчкүгө алып келиши мүмкүн экендиги эскертилди.

30 миң үйгө электр жарыгы, 80 миң үйгө суу берүү маселеси жаралып, 240тан ашуун адамдын тагдырынын белгисиз экендиги айтылды.

Издөө куткаруу иштери үчүн аймакка жиберилген Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн (SDF) саны 4600гө жогорулатылды.



Тектеш кабарлар