АКШда Ковид-19 жана сасык тумоо боюнча эскертүү

Оорулардын тездик менен көбөйүшүнө байланыштуу ооруканаларда беткап кийүү милдеттүү болуп калды.

2084842
АКШда Ковид-19 жана сасык тумоо боюнча эскертүү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) кеминде төрт штатында коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19), мезгилдик сасык тумоо жана башка респиратордук оорулардын тездик менен көбөйүшүнө байланыштуу ооруканаларда беткап кийүү милдеттүү болуп калды.

Нью-Йорк, Калифорния, Иллинойс жана Массачусетс штаттарында ишке ашырыла турган эреже саламаттык сактоо борборлорунун бардык кызматкерлерин жана бейтаптарын камтыйт.

Өлкөнүн Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун акыркы маалыматтарына караганда, 17-23-декабрь аралыгында Ковид-19дан улам 29 миңден ашуун кишинин ооруканага жаткырылганы, мурунку жумага салыштырмалуу 16 пайыздан ашык өсүү катталганы белгиленди.

Ушул эле мезгилде сасык тумоого байланыштуу ооруканага жаткырылгандардын саны 14 миң 700 деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар