АКШ Түндүк Кореяны айыптады

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби, Орусия менен Түндүк Кореянын жакындашуусуна баа берди.

2084644
АКШ Түндүк Кореяны айыптады

АКШ администрациясы, Түндүк Кореяны Орусияга баллистикалык ракеталарды жана ракета аткычтарды берип жатканы менен айыптап, бул ракеталардын бир бөлүгүнүн Москва тарабынан Украинага учурулганын билдирди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби, Орусия менен Түндүк Кореянын жакындашуусуна сереп салды.

Кирби АКШнын санкцияларынан кийин Орусиянын курал-жарак жана ок-дары алуу чөйрөсүнүн кыскарганын, ошондуктан аймактагы өнөктөштөрү менен аскердик кызматташтыкка умтулганын белгиледи.

Түндүк Кореяны бул процессте Орусияга баллистикалык ракеталарды берген деп айыптаган Кирби: «Биздеги маалыматтар, Корея Демократиялык Республикасынын жакында Орусияга баллистикалык ракеталарды жана ракета аткычтарды жеткиргенин көрсөтүп турат. Орус күчтөрү да 30-декабрда Түндүк Кореянын бул ракеталарынын жок дегенде бирин Украинага учурду»,-деди.

Кирби 2-январда да Орусиянын Украинага Түндүк Корея ракетасын учурганын аныкташкандарын жана процесске жакындан байкоо салып жаткандарын айтты.



Тектеш кабарлар