Реиси өлкөсүндөгү кош теракттын күнөөкөрлөрү эң кыска мөөнөттө жазалана турганын айтты

Ирандын президенти Ибрахим Реиси Кермандагы 95 киши каза болгон бомбалуу кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2084045
Реиси өлкөсүндөгү кош теракттын күнөөкөрлөрү эң кыска мөөнөттө жазалана турганын айтты

Ирандын президенти Ибрахим Реиси өлкөсүндөгү кош теракттын күнөөкөрлөрү эң кыска мөөнөттө жазалана турганын айтты.

Ибрахим Реиси Кермандагы 95 киши каза болгон бомбалуу кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Президент Реиси өз билдирүүсүндө террордук актыны айыптап, каза болгондордун жакындарына жана Иран элине көңүл айтып: «Албетте, бул коркоктуктун кара ниет күнөөкөрлөрү жана жетекчилери коопсуздук жана укук коргоо органдары тарабынан тез арада аныкталып, бул жийиркеничтүү жоруктары үчүн өз жазасын алаары шексиз. Мындай аракеттер Иран элинин исламий идеалдарын коргоодогу темирдей чечкиндүүлүгүн эч качан буза албасын душмандар билиши керек. Иран согуш талаасында терроризм менен зордук-зомбулуктун тамырын жок кылууга мурдагыдан да чечкиндүү», - деди.

Өлкөнүн диний лидери Али Хаменеи да чабуулдар үчүн катаал өч аларын айтты.

Хаменеинин расмий веб-сайтындагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Колдору күнөөсүздөрдүн канына боёлгон адамдар жана аларды бул жаңылыштыкка түрткөн жана бузукулук үрөнүн сепкен чагымчыл акылдар, мындан ары басым жана адилеттүү жазанын абсолюттук бутасына айланат. Алар бул апааттын артынан катаал реакция болорун билиши керек»,-деп айтты.

Ирандын ички иштер министри Ахмед Вахиди да өлкөсүнүн коопсуздук күчтөрү 103 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарды уюштургандарга мүмкүн болушунча тез арада катаал жана чечкиндүү жооп берерин билдирди.

Кечээ Ирандын Керман провинциясында Төңкөрүш сакчылары армиясынын Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Касем Сулейманинин мүрзөсүнө жакын жерде болгон кош террордук кол салууда алгач 103 деп жарыяланган каза болгондордун саны 95ке түзөтүлүп, курман болгондордун элесине бир күндүк аза күтүү жарыяланды.

Ирактын борбор шаары Багдадда 2020-жылдын 3-январында АКШнын кол салуусунда каза болгон Сулейманинин өлтүрүлүшүнүн 4 жылдыгына карата өлкөдө эскерүү программалары уюштурулган болчу.



Тектеш кабарлар