Иран каза болгондордун санын 84 деп жаңылады

Жарылууларда  284 кишинин жаракат алгандыгын айткан Вахид бир бөлүгүнүн дарыланып чыгышы менен ооруканадагы жаралуу саны  220 киши экендигин билдирди.

2084308
Иран каза болгондордун санын  84 деп жаңылады

Ирандын Керман провинциясында Касым Сулейманинин мүрзөсүнүн жанында кечээ болгон эки башка жардырууда каза болгондордун саны 84кө жеткендигин билдирди.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда террордук кол салуудан кийин Керманга барган ички иштер министри Ахмед Вахид окуя тууралуу маалымат берди. Жарылуудан кийин оболу  103 деп билидирлгенден кийин  95 деп жаңыланган каза болгон киши санына токтолгон Вахид соттук медициналык маалыматтарга караганда каза болгондордун саны 84 экендигин белгиледи.

Жарылууларда  284 кишинин жаракат алгандыгын айткан Вахид бир бөлүгүнүн дарыланып чыгышы менен ооруканадагы жаралуу саны  220 киши экендигин билдирди. 

Иран өзгөчө кырдаалдар боюнча төрагасы  Жафер Миадфер болсо акыркы жолу 95 деп билдирилген каза болгон киши саны 84 деп жаңыланышына байланыштуу билдирүүсүндө  айрым сөөктөрдүн бөлүктөргө бөлүнүшүнөн улам каза болгондордун санында өзгөрүүлөрдүн болгонун айтты. 

Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын Кудс командири Касым Сүлейманинин 2020 -  жылы январь айында АКШнын Ирактын борбор шаары Багдаттагы кол салуусунда өлтүрүлүшүнүн  4 жылдыгына карата эскерүү аземи өткөрүлгөн көрүстөнгө баруучу жолдо эки жардыруу болду. 

Бир тараптан Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян бомбалуу кол салуулар тууралуу БУУнун негизинде мыйзамдуу жана саясий демилгелерди баштагандарын билдирди. 

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү да БУУнун  Коопсуздук кеңешине жасалган кол салууну айыптоого чакырды. 

 



Тектеш кабарлар