Израилде 7 миң киши дайынсыз

Кол салуулар жана  аргасыз миграциядан улам көптөгөн үй-бүлөлөр бөлүнүп,  интернет жана телекоммуникация кызматтарынын үзгүлтүккө учурашы менен үй-бүлөлөрдүн  балдары менен байланышынын үзүлгөндүгү билдирилди.

2083846
Израилде 7 миң киши дайынсыз

Израилдин катуу кол салуусуна дуушар болгон Газа тилкесинде  7 миң кишиден кабар алына албагандыгы, булардын көпчүлүгүнүн уранды астында каза болгондугу, бир бөлүгүнүн да Израиль күчтөрү тарабынан уурдалгандыгы белгиленди. 

Палестина расмий маалымат агенттиги  WAFAда орун алган жана палестиналык расмий эмес маалыматтарга таянып берген кабарда 7 -  октябрдан бери Израилдин кол салуусу астындагы Газа тилкесинде араларында аялдар менен балдар да болгон 7 миң кишинин дайынсыз экендиги маалымдалды. 

Булардан көпчүлүгүнүн уранды астында каза болгондугу, айрымдарынын Израиль аскерлери тарабынан уурдалгандыгы жана белгиленди.

Кол салуулар жана  аргасыз миграциядан улам көптөгөн үй-бүлөлөр бөлүнүп,  интернет жана телекоммуникация кызматтарынын үзгүлтүккө учурашы менен үй-бүлөлөрдүн  балдары менен байланышынын үзүлгөндүгү билдирилди. 

Израиль аскерлеринин Газа тилкесиндеги палестиналык үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө кирип, жарандарды сабаганы, арасында аялдар жана балдар да болгон кээ бир адамдарды барымтага алганы белгиленди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз эреже бузууларга жооп кайтаруу» деген негиз менен Израилге кеңири кол салуу баштаган. 

Израиль 7-октябрдагы кол салууларда 1200 израилдиктин  каза болгондугун, 5132 кишнин жаракат алгандыгын жарыялады. Израиль армиясы да Газа тилкесине кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери 508 аскеринин каза   болгонун жарыялады.

Израилдин Газа тилкесине карата кол салууларында көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон  22  миң  313 палестиналык өлтүрүлдү. Уранды астында  миңдеген сөөктүн бар экендиги маалымдалууда. 

 



Тектеш кабарлар