Исмаил Хенийе Палестинанын улуттук биримдик өкмөтүнө ачык экендиктерин билдирди

Исмаил Хенийе 20-декабрда Египеттин борбор шаары Каирге «Газадагы согушка жана кол салуулардын токтотулушуна байланыштуу окуяларды» талкуулоо үчүн барган сапарынан кийин видео тасма бөлүштү.

2083535
Исмаил Хенийе Палестинанын улуттук биримдик өкмөтүнө ачык экендиктерин билдирди

Палестинанын исламдык каршылык кыймылы Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хенийе Газа менен Батыш Шерианы чогуу башкара турган Палестинанын улуттук биримдик өкмөтүнө ачык экендиктерин билдирди.

Исмаил Хенийе 20-декабрда Египеттин борбор шаары Каирге «Газадагы согушка жана кол салуулардын токтотулушуна байланыштуу окуяларды» талкуулоо үчүн барган сапарынан кийин, ал жерде Хамаска караштуу «Аль-Акса» телекөрсөтүүсүнөн берилген видео тасмада өзгөчө Газадагы абалга баа берди.

Хенийе Хамастын Палестинанын ички абалы тууралуу Палестина жана башка араб тараптарынан көптөгөн демилгелерди баштаганына көңүл буруп, мындай деди: «Батыш Шериа жана Газа тилкеси үчүн улуттук өкмөт түзүү боюнча макулдашуудан тышкары, биз Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) алкагында демократиялык жол менен улуттук түзүлүштү кайра куруу үчүн бардык улуттук компоненттерге ачык экенибизди тастыктадык».

Газа жана Батыш Шериада улуттук биримдик өкмөтү түзүлмөйүнчө Газа тилкесинде эч кандай башаламандык болбостугун баса белгилеген Ханийе : «Учурда полиция жана коопсуздук кызматтары иштеп жатат, согуш жана кол салуулардын көлөкөсүндө мамлекеттик мекемелер колдо болгон ресурстар менен колунан келгендин баарын кылууда»,-деди.

Палестина маселесине байланыштуу жаңы жобонун Хамас жана Палестинанын башка каршылык көрсөтүү уюмдарысыз кабыл алынбай турганына көңүл бурган Ханийе : «Арасында Хамас да болгон Палестиналык топтор «Газанын келечеги» деп аталган бардык чечимдерди жана сценарийлерди көп жолу четке кагып, Палестинанын ички түзүлүшүн кайра түзүү жана улуттук биримдик өкмөтүн уюштурууга жана түзүүгө чакырды»,-деп айтты.

Египет менен Катардын Газа тилкесинде ок атышпоо темасында Хамаска демилге жана сунуштарды сунуштаганын белгилеген Исмаил Ханийе, кыймылынын аларга «позитивдүү» мамиле кылганын баса белгиледи.

Ханийе, ошондой эле израилдик туткундардын Палестинанын каршылык көрсөтүү шарттарынын алкагында гана бошотула турганына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар