Гарвард университетинин ректору Клаудин Гей кызматынан кетти

Клаудин Гей «өзү жөнүндөгү  талкуулардын университетке зыян келтирбеши үчүн" кызматтан кеткенин жарыялады.

2083712
Гарвард университетинин ректору Клаудин Гей кызматынан кетти

АКШда "ой эркиндигин жактаган" Гарвард университетинин ректору Клаудин Гей кызматынан кетти.

Кампуста Израилге каршы уюштурулган митингдерге  «ой эркиндиги» алкагында караганы үчүн сынга алынган жана кызматтан кетүүсүнө кысым көрсөтүлгөн  ректор Клаудин Гей «өзү жөнүндөгү  талкуулардын университетке зыян келтирбеши үчүн" кызматтан кеткенин жарыялады.

АКШ конгрессинин Билим берүү жана жумушчу күчү комиссиясында  5 -  декабрда болгон "Кампус ректорлорун жоопкерчиликке тартуу жана антисемитизм менен күрөшүү» сессиясынын алкагында Гарвард университетинин ректору Клаудин Гей Пенсильвания университетинин ректору Элизабет Мэгилл жана Массачусетс технология институтунун ректору Салли Корнблют университеттин кампусунда антисемитизм окуяларына байланыштуу мамилеси боюнча күбөлөндүрүү үчүн суракка чакырылган.  

Үч ректор антисемитизмге байланыштуу маселелер боюнча студенттерге карата дисциплинардык чаралар, университеттер кампустагы ар кандай көз караштарды жана коопсуздукту чагылдырган суроолорго бир нече саат бою жооп беришти.

Үч ысым да Израилге каршылык көрсөтүүлөрүн, ой эркиндигинин негизинде каралышынан улам сын жана кысым менен бетме  - бет келип жумуштан кетүүгө мажбур болушкан. 

Пенсильвания университетинин ректору Магил кысымдардан улам арызын берген.

Массачусетс технология институтунун ректору Салли Корнблют болсо арызын берүүгө мажбурланса да ишин улантууда. 

 

 



Тектеш кабарлар