Блинкен - Таяни сүйлөшүүсү

Блинкен менен Таяни Газадагы гуманитардык кризис жана Хамас менен Израилдин ортосундагы кагылышуунун тез арада токтотулушуна басым жасады.

2083514
Блинкен - Таяни сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Таяни телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Блинкен менен Таяни Газадагы гуманитардык кризис жана Хамас менен Израилдин ортосундагы кагылышуунун тез арада токтотулушуна басым жасады.

Министрлер ошондой эле 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда Украинага күчтүү колдоолорун дагы бир жолу баса белгилешти.

Италиянын 2024-жылы Чоң жетиликтин кезектешкен төрагалыгын өткөрүп алышы менен глобалдык маселелерди чечүү үчүн биргелешип иштөөгө милдеттенген эки лидер, Йемендеги Иран колдогон хуситтердин "Кызыл деңиздеги коммерциялык кемелерге кол салууларынын глобалдык кызыкчылыктарга тийгизген коркунучтарын" да талкуулашты.

Блинкен менен Таяни ошондой эле "Гаитидеги коопсуздук абалын турукташтыруу жана демократияга кайтып келүүгө карата шарттарды камсыз кылуу" үчүн Гаитидеги коопсуздукту колдоо боюнча көп улуттуу миссиянын маанилүү экенин билдиришти.



Тектеш кабарлар