Францияда нөшөрлөгөн жамгыр жана сел эскертүүсү

Аймактын жашоочуларынан дарыя, көл, сай сыяктуу суу булактарынан алыс болуу талап кылынды.

2083192
Францияда нөшөрлөгөн жамгыр жана сел эскертүүсү

Францияда көбү жээкте жайгашкан 10 аймак үчүн нөшөрлөгөн жамгыр жана сел коркунучу тууралуу эскертүүлөр жарыяланды.

Франциянын метеорологиялык кызматы Meteo France билдиргендей, өлкөнүн жээктеги Манш, Луара Атлантик, Венде, Морбихан, Финистер, Норд жана Пас-де-Кале аймактары менен ички Орне, Майенна жана Сарте аймактарында «тынымсыз» жааган жамгырдын суу ташкынына жана суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келери эскертилди.

Сел коркунучу бар бул аймактарда этият болуу үчүн эң жогорку кооптуу статустун төмөнкү деңгээли болгон “кызгылт сары эскертүү” жарыяланды.

Аймактын жашоочуларынан дарыя, көл, сай сыяктуу суу булактарынан алыс болуу талап кылынды.



Тектеш кабарлар