Эфиопиянын Тиграй аймагындагы калктын 91 пайызынын ачарчылык жана өлүм коркунучунда экени билдирилди

Тиграй Убактылуу Аймактык Башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Тиграйдагы азык-түлүк кризисине көңүл бурулду.

2082278
Эфиопиянын Тиграй аймагындагы калктын 91 пайызынын ачарчылык жана өлүм коркунучунда экени билдирилди

Тиграй Убактылуу Аймактык Башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Тиграйдагы азык-түлүк кризисине көңүл бурулду.

Тиграйдагы азык-түлүк маселесине көңүл бурулган билдирүүдө аймактагы калктын 91 пайызынын ачарчылык жана өлүм коркунучу алдында тургандыгы маалымдалды.

Эфиопияда 1984 - жылы миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон ачарчылык эске салынган билдирүүдө Тиграйда да  абалдын ушундай экендиги, 2 жылдан бери болуп жаткан  жарандык согуш жана кургакчылыктан аймактын терс таасирленгендиги белгиленди.

Билдирүүдө азык-түлүк кризисинин эң аялуу катмары аялдар, балдар жана кары - картаңдардын жабыркап жатканы баса белгиленди.

Тиграйдагы саламаттыкты сактоо боюнча изилдөөлөр институту саламаттыкты сактоо министрлиги жана Мекеле университетинин биргелеше жүргүзгөн изилдөөсүнө караганда тынчтык келишими түзүлгөн 2022 -  жыл ноябрдан 2023 -  жылга чейин аймактагы  1329  киши ачарчылыктан улам каза болду. 

Изилдөөдө каза болгондордун негизги себептеринин бири Бириккен Улуттар Уюму  менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамын токтоткондугуна көңүл бурулду. Жардамдар токтотулган мезгилден бери каза болгондордун саны ай сайын көбөйүп, Тиграйда каза болгондордун жарымынан көбүнүн тамак-аштын жетишсиздигинен болгондугу белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар