ЮНИСЕФ Чыгыш Кудс жана Батыш Шериада өлтүрүлгөн балдар тууралуу маалымат берди

ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка директору Аделе Худр Х социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

2082148
ЮНИСЕФ Чыгыш Кудс жана Батыш Шериада өлтүрүлгөн балдар тууралуу маалымат берди

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) оккупация астындагы Чыгыш Кудс жана Батыш Шериада 2023  - жылы өлтүрүлгөн балдардын саны жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка директору Аделе Худр Х социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

Худр : «2023 -жылы Чыгыш Кудс да болгон Батыш Шериадагы балдар үчүн ушул кезге чейинки эң кандуу жыл болду. Кагылышуулардан келип чыккан зомбулук эң жогорку деңгээлге жетти»,- деди.

Акыркы 12 жуманын ичинде Батыш Шериада83 баланын өлтүрүлгөндүгүн айткан Худр бул сандын Израилдин күчөп бара жаткан аскердик операцияларында2022 -жылы өлтүрүлгөн бала санынан эки эсе көп экендигин баса белгиледи.

Худр : «Чыгыш Кудс жана Батыш Шериада жашаган балдар көптөгөн жылдардан бери зомбулукка дуушар болууда. Бирок бул зомбулуктун күчү 7 -октябрдан бери олутуу катнашта күч алды»,- деди.

Худр өзгөчө Израилдин кыймыл жана транспортко алып келген чектөөлөрдөн Батыш Шерианын олуттуу таасирленгендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар