"Боинг" учактары текшерилүүдө

Boeing, учуу көзөмөл системасында туура буралбаган болт табылгандан кийин ыктымалдуу көйгөйлөргө каршы рыноктогу учактарды текшерүүгө чакырды.

2082214
"Боинг" учактары текшерилүүдө

Америкалык Boeing учак өндүрүүчүсү 737 Max үлгүсүндөгү учактарын күнүмдүк оңдоо учурунда гайкасы жок болт табылгандан кийин компаниянын учактарын текшерүүгө чакырды.

The New York Times гезитинин кабарына караганда, Америка Кошмо Штаттарынын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) Boeing компаниясынын 737 Max учагына күнүмдүк техникалык оңдоо учурунда учуу көзөмөл системасында гайка жок болт табылганын билдирди.

Көйгөйлүү учакты карап чыккан Boeing, учуу көзөмөл системасында туура буралбаган болт табылгандан кийин ыктымалдуу көйгөйлөргө каршы рыноктогу учактарды текшерүүгө чакырды.

Компания 2017-жылдан бери 1370тен ашык учактын тапшырылганын жана алардын бардыгы текшерүүдөн өтүшү керектигин жарыялады.

Boeing ошондой эле тапшырыла элек учактардын ​​текшерилип жатканын кабарлады.



Тектеш кабарлар