Гутерреш : "Кийинки эпидемияга даяр эмеспиз"

Гутерреш  "Эл аралык эпидемияга даярдык күнүнөн" улам жазуу түрүндө маалымат берди.

2081651
Гутерреш : "Кийинки эпидемияга даяр эмеспиз"

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Ковид  - 19  эпидемиясынан керектүү сабактын алынышы керектигин белгилеп : "Кийинки эпидемияга даяр эмеспиз",- деди. 

Гутерреш  "Эл аралык эпидемияга даярдык күнүнөн" улам жазуу түрүндө маалымат берди. 

Ковид  - 19га эми эл аралык саламаттыкты сактоо тармагында шашылыш мамиле кылынбагандыгын, бирок анын кыйраткыч кесепеттеринин  уланып жатканын белгилеген Гутерреш эпидемиянын экономикалык кесепетинин да  уланып жатканын айтты.

Гутерреш бир топ саламаттыкты сактоо системасынын олуттуу кыйынчылыктар менен күрөшкөндүгүн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө миллиондогон кишинин вакцинага жете албагандыгын белгиледи. 

"Кийинки эпидемияга дагы жакшы нерселерди аткаруубуз керек. Бирок биз кийинки эпидемига даяр эмеспиз",- деген Гутерреш Ковид  - 19  эпидемиясынан керектүү сабактын алынышы жана ушуга жараша кыймыл кылынышы керектигин белгиледи. 

Гутерреш дүйнөнүн вирустарды көзөмөлдөө, саламаттыкты сактоо системаларын бекемдөө жана жалпы саламаттыкты камсыздоо үчүн кызматташтыкта ​​иш-аракет кылуу керектигине көңүлдөрдү буруп, бай өлкөлөрдүн ресурстарды жана дарылоону көзөмөлдөө жана чогултуу тенденцияларынан баш тартуусу керектигин баса белгиледи.

БУУнун Башкы ассамблеясы 2020 -  жылы 27 -  декабрда Ковид  - 19  эпидемиясынан сабак алуу жана келечекте ортого чыгышы мүмкүн болгон эпидемияларга каршы даяр болуу үчүн чечим кабыл алган. 

Чечим боюнча 27 -  декабрь Эл аралык эпидемияга даярдык күнү жарыяланган. 

 



Тектеш кабарлар