Түштүк Корея АКШ менен F-35A  үлгүсүндөгү аскердик учак сатып алуу боюнча келишимге кол койду

Йонхаптын кабарына караганда Түштүк Кореянын Коргонуу боюнча сатып алуу программасы агенттиги (DAPA) Түндүк Кореянын «күч алган аскердик коркунучтарына» каршы тоскоолдугун жогорулатуунун алкагында сатылып алынган учактар ​​тууралуу билдирүү жасады.

2081388
Түштүк Корея АКШ менен F-35A  үлгүсүндөгү аскердик учак сатып алуу боюнча келишимге кол койду

Түштүк Корея АКШ  өкмөтү менен 20 даана  F - 35A  үлгүсүндөгү аскердик учак сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун жарыялады.

Йонхаптын кабарына караганда Түштүк Кореянын Коргонуу боюнча сатып алуу программасы агенттиги (DAPA) Түндүк Кореянын «күч алган аскердик коркунучтарына» каршы тоскоолдугун жогорулатуунун алкагында сатылып алынган учактар ​​тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө  АКШнын авиациялык жана коргонуу фирмасы Lockheed Martin тарабынан чыгарылган 20 даана  F-35A үлгүсүндөгү аскердик учактын сатып алынышы боюнча келишимге 8-декабрда АКШ өкмөтү менен кол коюлганы белгиленди.

Аскердик учактардын 2027 -  жылдан тарта тапшырыла баштай тургандыгы билдирилген маалыматта бул учактардын Түштүк Кореянын инвентарындагы учактарга салыштырмалуу  өнүккөн  радар жана жогорк коопсуздук өзгөчөлүктөрүнө ээ экендиги белгиленди.

Түштүк Корея 2019 - 2022 -  жылдардын арасында  40 даана F-35A сатып алган жана канаттуулардын урунуусу менен зыян тарткан  1 учакты да декабрь айынын башында колдонуудан чыгарган. 

АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) караштуу Коргонуу Коопсуздук жана Кызматташтык Агенттигинен (DSCA) сентябрь айында берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын Мамлекеттик департаментинин  Түштүк Кореяга болжол менен 5,06 миллиард долларлык ок  -  дары, колдоочу жабдыктар менен персоналды окутуу да болгон  25 даана   F-35A үлгүсүндөгү аскердик учак жана 26 даана да F-135-PW-100 кыймылдаткычтын сатылышына уруксат бергендиги белгиленген. 

 



Тектеш кабарлар