Израилдин Газага кол салуулары

Израиль армиясынын чабуулдарын уланткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны көбөйүүдө.

2081490
Израилдин Газага кол салуулары

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 21 миң 110го жетти.

Израиль армиясынын кургактыктан, абадан жана деңизден курчап чабуулдарын уланткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны көбөйүүдө.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин акыркы 24 сааттагы 16 кол салуусунда 195 кишинин каза тапканы, 325 кишинин жараланганы белгиленди.

Кол салуулар башталган 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 21 миң 110го, жаракат алгандардын саны болсо 55 миң 243кө жеткени кабарланды.

Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндө жайгашкан Хан Юнустагы Насер ооруканасынын айланасына кол салууларын күчөткөнү, кол салуулардын Шифа ооруканасына да багытталуу ыктымалы боюнча тынчсыздануулардын бар экени баса белгиленди.

Эл аралык мекемелерден оорукананын медициналык кызматкерлерин, жарадар болгондорду, бейтаптарды жана жер которгон миңдеген жарандарды коргоого чакырылды.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдар Шифа ооруканасын кайра иштетүү үчүн керектүү дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыз кылууну суранышты.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз мыйзам бузууларга жооп кайтаруу» деген негиз менен 7-октябрда Израилге кеңири чабуулун баштаган.

Израиль 7-октябрдагы кол салууларда 1200 израилдик каза болуп, 5132 киши жарадар болгонун билдирди.

Израиль армиясы Газа тилкесине кол салуулар башталган 7-октябрдан бери 498 аскеринин каза тапканын жарыялады.

24-ноябрда 4 күнгө берилген жана андан кийин дагы 3 күнгө узартылган «гуманитардык тыныгуу» учурунда 81 израилдик жана 240 палестиналык туткун бошотулду. Бир тараптан Израиль миңдеген палестиналыкты кармап, түрмөгө отургузууну улантты.

Израиль аскерлери менен мыйзамсыз жөөт отурукташкандардын Батыш Шериа жана Кудстагы кол салууларында 311 палестиналык каза болду.

Израиль армиясы менен Хизбулланын ортосунда 8-октябрдан бери чек арада уланып жаткан кагылышууларда 28 ливандык жаран, 129 Хизбулла мүчөсү, 5 израилдик жаран жана 9 израилдик аскер каза тапты.



Тектеш кабарлар