Германия жана Нидерландияда нөшөрлөгөн жамгырдын таасири

Германиянын Төмөнкү Саксония жана Тюрингия штаттарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон селден улам кээ бир калктуу конуштардагы адамдар үйлөрүнөн эвакуацияланды.

2081157
Германия жана Нидерландияда нөшөрлөгөн жамгырдын таасири
almanya sel 03.jpg

Германиянын Төмөнкү Саксония жана Тюрингия штаттарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон селден улам кээ бир калктуу конуштардагы адамдар үйлөрүнөн эвакуацияланды.

Өлкөнүн маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда Төмөнкү Саксониянын Ринтельн шаарында селден улам 100дөн ашуун, Тюрингия штатындагы Виндехаузен шаарында 400гө жакын киши үйлөрүнөн эвакуацияланды.

Херинген шаарынын мэри Маттиас Маркарт  билдирүүсүндө аймактагы абалдын кооптуу экенин, Виндехаузен шаарында электр жарыгынын өчүрүлгөнүн, шаарга кирүүнүн мүмкүн эместигин жана стационардык телефон линияларынын иштебей жаткандыгын белгиледи.

Маттиас Маркарт элди аймактан чыгууга чакырды. 

Маркарт Виндехаузенде жашаган  500 кишиден  400нүн чакырууга баш ийип үйлөрүн таштап кеткендигин, 280  кишинин үйлөрүн таштап, туугандарынын үйүндө кала тургандарын кризистик столго билдиргени маалымдалды.

Херинген муниципалитетинен жасалган билдирүүдө Виндехаузен шаарына кирүүгө тыюу салынганы жана аймакка куткаруу топторунун гана кире алары белгиленди.

Төмөнкү Саксониянын Гослар аймагында да Окертал плотинасындагы суунун деңгээли эң жогорку чекке жеткени билдирилди.

Окер дарыясынын ташуу ыктымалына каршы Брауншвейг шаарында дарыянын нугуна жакын кээ бир жолдордун жабылганы кабарланды.

Ринтельн шаарында 108 адам эвакуацияланып, көптөгөн үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптаганы белгиленди.

Селле шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам аймактагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптаганы айтылды.

Олденбург, Нортейм жана Леер сыяктуу көптөгөн аймактарда өрт өчүрүүчү топтор менен ыктыярчылардын сел жана дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү менен күрөшүп жатканы билдирилди.

Бир тараптан Нидерландияда нөшөрлөгөн жаандан улам каналдардын жана дарыялардын агымы орчундуу деңгээлге жетти жана көптөгөн иш жерлерин суу каптады.

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте X социалдык медиа платформасынан берген  билдирүүсүндө суунун деңгээлинин көтөрүлүшү өлкөнүн ар кайсы аймактарында көйгөйлөрдү жаратып жатканын белгилеп : "Кырдаалга жакындан көз салып, керек болгон жерлерде чара көрүүдөбүз. Нидерландиядагы нөшөрлөгөн жамгырдын  кесепеттерине кабылгандардын баарына күч-кубат каалаймын",- деди. 

NOS коомдук телеканалы да кабарында өлкөнүн түштүк аймактарында көптөгөн иш жерлерин суу каптаганын билдирген.

Кабарда өлкөнүн борбордук аймактарындагы калктуу конуштарды бири бирине байланыштырган кээ бир жолдор суу астында калгандыктан, транспорттун убактылуу паромдор менен камсыздалгандыгы маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар