АКШ: «Байдендин Түркияга F-16 сатылышына карата колдоосу уланууда»

АКШнын Мамлекеттик департаменти, Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу таштаган акыркы кадамын кубаттаганын белгиледи.

2081125
АКШ: «Байдендин Түркияга F-16 сатылышына карата колдоосу уланууда»

АКШ бийлиги Швециянын НАТОго мүчөлүк сунушунун Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясы тарабынан кабыл алынышын кубаттап, АКШнын президенти Жо Байдендин Түркияга F-16ларды сатууга ачык колдоосунун уланып жатканын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу таштаган акыркы кадамын кубаттаганын белгиледи.

Департаменттин билдирүүсүндө: «Президент Байден көптөн бери НАТОнун операциялык жөндөмдүүлүгүн жакшыртуучу Түркиянын F-16 флотунун жаңыланышына ачык колдоосун сактап келет» деген сөздөр камтылды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясында Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу сунуштун кабыл алынышын кубаттагандарын белгилеген АКШнын Мамлекеттик департаменти, Анкарага F-16 сатылышына байланыштуу Конгресске расмий билдирүү жасалганга чейин бул сыяктуу чет элдик курал сатуу процесстерине байланыштуу эч кандай маалымат же комментарий бере албастыгын кабарлады.  

Кечээ Швециянын НАТОго кошулуусуна байланыштуу протоколдун бекитилиши жөнүндөгү мыйзам долбоору Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Тышкы иштер комиссиясы тарабынан кабыл алынган.



Тектеш кабарлар