Нидерландияда Газа үчүн митинг

Нидерландияда жүздөн ашуун мамлекеттик кызматкер жана бюрократ, Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында нааразылык акциясын уюштуруп, Газада ок атышууну токтотууну талап кылышты.

2079644
Нидерландияда Газа үчүн митинг

Нидерландияда жүздөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүн Израиль-Палестина жаңжалындагы позициясын сынга алуу үчүн «үнсүз нааразылык» билдиришип, туруктуу ок атышпоо үчүн Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында отуруу акциясын өткөрүштү.

Нидерландияда жүздөн ашуун мамлекеттик кызматкер жана бюрократ, Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында нааразылык акциясын уюштуруп, Газада ок атышууну токтотууну талап кылышты.

NOS коомдук телерадиокомпаниясынын кабарында, коомдук кызматкерлердин Нидерландия өкмөтүнүн ок атышпоо чакырыгын салбаганына тынчсызданып жаткандары белгиленди.

Демонстранттардын, Газада арасында балдар да болгон миңдеген киши каза тапкан кол салуулардын эл аралык гуманитардык укукка туура келбегенин белгиленгендери айтылган кабарда, өкмөт өкүлдөрүнүн нааразылык акциясынын Нидерландияда сейрек кездешүүчү абал болгонуна көңүл бурулду.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөрдө, Тышкы иштер министрлигинин алдында жерде отурган топтун “Мамлекеттик кызматкерлер ок атышпоону каалайт” деген баннерди кармап турганы байкалды.

Нидерландиядагы айрым мамлекеттик кызматкерлер октябрь айында өкмөткө кат жолдоп, “Израилди токтот жана бейкүнөө жарандарды корго” деген чакырык салынган.



Тектеш кабарлар