Израиль палестиналыктарды камакка алууну улантып жатат
Бул тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды
Оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста Израиль күчтөрү тарабынан 7-октябрдан бери камакка алынган палестиналыктардын саны 4655ке жетти.
Палестинанын туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу Палестина туткун иштери боюнча комитети бул тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Билдирүүдө Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салуулары менен бирге Батыш Шериада палестиналыктарга каршы рейддер жана камоолордун да күчөгөнү белгиленди.
Израиль күчтөрүнүн дагы 25 палестиналыкты камакка алганы, 7-октябрдан бери Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камакка алынган палестиналыктардын санынын 4655ке жеткени кабарланды.
Ошондой эле камакка алынгандар менен алардын жакындарынын ур-токмокко, коркутууларга дуушар болуп, үйлөрү талкаланып жатканы айтылды.