Зеленский АКШ жана Европа Биримдигине ишенет

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын өлкөсүн сатпай тургандыгынан жана каржылык жардам тууралуу түзүлгөн келишимдерден кайтпай тургандыгына ишенгендигин айтты.

2078983
Зеленский  АКШ жана Европа Биримдигине ишенет

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын өлкөсүн сатпай тургандыгына жана каржылык жардам тууралуу түзүлгөн келишимдерден кайтпай тургандыгына ишенгендигин айтты. 

Зеленский борбор шаар Киевде өткөргөн жылдык пресс  - жыйынында : «Финансылык жардамга келсек,  бул боюнча катуу иштеп жатабыз. АКШнын бизди сатпай тургандыгынан жана  макулдашылган маселелерде өздөрүнө түшкөн милдетти  орундатарына ишенем», - деди.

Украин лидери ошондой эле Европа Биримдигинин  Киевге жакын арада жардам бюджетин бөлөөрүнөн күмөн санабагандыгын билдирди.

Зеленскийдин болжоосу боюнча, эгер 50 миллиард евро которуу боюнча макулдашылбаса, колдоо үчүн “башка механизмдер” табылат.

Украинанын аба мейкиндигин эффективдүү коргоо үчүн дагы көп абадан коргонуу системасына муктаж экенин белгилеген Зеленский, кыш мезгилинде өлкөсүнө дагы бир нече Патриот системасын алып келе тургандарын айтып : "Барган сайын дагы күчтөнөбүз. Өлкөбүздү кыш мезгилинде коргоо үчүн бир канча жаңы Патриот системасы Украинага жайгаштырылат. Бул маанилүү бир жыйынтык",- деди. 

Зеленскийдин айтымында, Россия бир жыл ичинде фронттогу максаттарынын эч бирин ишке ашыра алган жок.

"Жеңилүүбүз  мүмкүн эмес. Аскерлерибиз, элибиз мыкты",- деген Зеленский командасында кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасай тургандыгы тууралуу   сөздөрдү четке какты жана мунун өлкөнү алсырата тургандыгын айтты. 

 



Тектеш кабарлар