Германия менен Грузиянын миграциялык келишими...

Германиянын Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Фаезер Германия өкмөтүнүн миграция келишимдери боюнча атайын өкүлү Йоахим Стамп менен бирге Грузиянын борбор шаары Тбилисиде жолугушуу өткөрдү.

2078552
Германия менен Грузиянын миграциялык келишими...

Германиянын ички иштер министри Нэнси Фаезер мыйзамсыз миграция менен эффективдүү күрөшүү үчүн Грузиянын ички иштер министри Вахтанг Гомелаури менен миграциялык келишимге кол койду.

Германиянын Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Фаезер Германия өкмөтүнүн миграция келишимдери боюнча атайын өкүлү Йоахим Стамп менен бирге Грузиянын борбор шаары Тбилисиде жолугушуу өткөрдү.

Билдирүүдө Фаезер менен Гомелауринин ортосунда карым-катнаштардын алкагында кол коюлган миграция келишиминин келечекте эки өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайык мыйзамсыз миграциянын биротоло кыскартылышына негиз боло турганы белгиленди.

Германияда январь-ноябрь айларында четке кагылган башпаанек үчүн арыздардын 15 пайызынын Грузия жана Молдовадан келгендер болгону, Грузиянын мыйзамсыз миграция жагынан өзгөчө мааниге ээ болгону белгиленген билдирүүдө, Германия өкмөтүнүн Молдова менен да миграциялык келишим түзүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантканы белгиленди.

Бул келишимдер менен Германияга иммиграцияны башкарып, көзөмөлдөп жатышканын белгилеген Ички иштер министри Фаезер : «Көптөгөн тармактарда шашылыш түрдө муктаж болгон квалификациялуу жумушчулардын киришин камсыз кылуудабыз. Ошол эле учурда Германияда калууга укугу жок кишилердин кайра кайтарылышына карай юридкалык күчү бар келишимдерди түзүүдөбүз»,-деп айтты.

Грузия менен кол коюлган келишим менен Германиядан чыгууга мажбур болгон адамдарды мекенине кайтаруу боюнча ансыз да жакшы кызматташтыктын дагы да күчтөнөрүн белгилеген Фаезер : «Бул (келишим) мыйзамсыз миграцияны эффективдүү чектөөгө карай дагы бир кадам»,-деп өз баасын берди.

Келишимде ошондой эле сезондук жумушчуларга карата ченемдик укуктук актыларды киргизүү, ошондой эле студенттер жана илимий кызматкерлер үчүн программаларды көбөйтүү каралган.

Министрликтин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында Германиядан 8 миң 993 грузиялык башпаанек сураган. Бул кайрылуулардын 0,3 пайызы гана кабыл алынган.

Буга чейин Индия менен ушундай эле миграциялык келишимге кол койгон Германия ошондой эле миграциялык келишим түзүү боюнча Молдова менен катар Кения, Колумбия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Марокко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар