Филиппинде "Кабаян" бороонунан 86 миңден ашуун адам жер которду

Филиппиндин Улуттук апаат коркунучун азайтуу жана башкаруу  кеңеши өлкөнүн түштүгүндө таасирдүү болгон бороон тууралуу маалымат берди.

2078687
Филиппинде "Кабаян"  бороонунан 86 миңден ашуун адам жер которду

Филиппиндин түштүк аймактарында болгон  тропикалык "Кабаян" бороонунан улам 86 миңден ашуун адам жер которду.

Филиппиндин Улуттук апаат коркунучун азайтуу жана башкаруу  кеңеши өлкөнүн түштүгүндө таасирдүү болгон бороон тууралуу маалымат берди. 

"Кабаян" тропикалык  бороонунан мурда  22 миңден ашуун адамдын эвакуациялангандыгы белгиленген билдирүүдө аймакта  86 миңден ашуун кишинин жер которгондугу билдирилди. 

Жетекчилер келге кабылган  35 жаштагы адамдын азыр да дайынсыз жоголгондугун айтышты.

Филиппин метеорологиялык бюросунан берилген маалыматта да бороондон кийин Давао Чыгыш аймагында катуу жамгыр жаашынын таасирдүү болгону белгиленди.

 



Тектеш кабарлар