АКШда болгон бороон жана жамгыр жаашы
Аймак жетекчилеринин билдирүүлөрүндө Пенсильвания, Түштүк Каролина, Мэн жана Массачусетс штаттарында 4 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Америка Кошмо Штаттарынын түндүк - чыгыш штаттарында катуу бороон жана жамгырдан улам 4 адам каза болду.
The Washington Post гезитинин кабарына караганда, өлкөнүн түндүк - чыгыш штаттарында жааган жамгыр жана шамалдын ылдамдыгы саатына 140 километрге жетиши күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизди.
Аймак жетекчилеринин билдирүүлөрүндө Пенсильвания, Түштүк Каролина, Мэн жана Массачусетс штаттарында 4 кишинин каза болгондугу белгиленди.
800 миңден ашуун адамдын бир канча убакыт электрсиз калгандыгы, 500 миң кишинин азыр да электр жарыгысыз экендиги маалымдалды.
Нью - Йорк мэриясы кечээ бороон тууралуу күтүлбөгөн селдин болушу боюнча жарандарды эскертти.
Мэр Эрик Адамс Нью - Йорктун тургундарына зарыл болмоюнча жолго чыкпоону жана коомдук транспортту колдонууну сунуштады.