Орусиянын “дос эмес өлкөлөргө” карата чечими

Орусиянын Мамлекеттик укук маалымат системасында жарыяланган мыйзамга ылайык, “дос эмес өлкөлөр” менен болгон кирешеге жана мүлккө кош салык салуу боюнча келишимдердин айрым жоболору жокко чыгарылды.

2078405
Орусиянын “дос эмес өлкөлөргө” карата чечими

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ жана Британия баш болгон “дос эмес өлкөлөр” менен түзүлгөн салык келишимдерин жарым-жартылай жокко чыгарган мыйзамга кол койду.

Орусиянын Мамлекеттик укук маалымат системасында жарыяланган мыйзамга ылайык, “дос эмес өлкөлөр” менен болгон кирешеге жана мүлккө кош салык салуу боюнча келишимдердин айрым жоболору жокко чыгарылды.

Путин буга чейин “дос эмес өлкөлөр” деп аталган айрым Батыш мамлекеттери менен түзүлгөн салык келишимдериндеги жоболорду жокко чыгаруу чечимине кол койгон.

Орус өкмөтү өлкө үчүн "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин 7-мартта бекиткен.

Бекитилген тизмеде АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү, Улуу Британия, Түштүк Корея, Жапония, Украина, Швейцария жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр, ошондой эле Орусияга каршы санкция киргизген дагы 15 өлкө бар.



Тектеш кабарлар