Израилдин Газага кол салуулары...

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израилдин согуштук учактары Жибалиядагы Шихаб үй-бүлөсүнө таандык үйдү бутага алды.

2077470
Израилдин Газага кол салуулары...

Израиль армиясынын блокададагы Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жибалия жана борбордук бөлүгүндөгү Дейр Белах качкындар лагерине кол салууларынан 36 палестиналык каза болду.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израилдин согуштук учактары Жибалиядагы Шихаб үй-бүлөсүнө таандык үйдү бутага алды.

Кол салууда 24 киши каза болуп, кеминде 90 киши жараланды. Көптөгөн адамдардын дагы эле урандылардын астында экени белгиленди.

Израилдин согуштук учактары да Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр-Белах качкындар лагеринде палестиналыктардын басымдуу бөлүгү күч менен көчүрүлгөн бир үйгө сокку урду.

Алгачкы маалыматтарга караганда, кол салууда 12 палестиналык каза болуп, ондогону жарадар болгон.

Түштүктө Израиль Хан-Юнустагы Насер ооруканасынын короосуна артиллериялык снаряддарды аткылашты. Эки киши жараланган кол салууда атылган артиллериялык снаряд жарылбай калды.

Израиль деңизден да Хан-Юнустун түндүгүндөгү жана батыш жээгиндеги көп жерлерди бомбалады.

Хан Юнустун чыгышындагы Эль-Кара жана Бени Сухейла шаарчаларында Израиль аскерлери менен палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун ортосунда катуу кагылышуулар болду.

Израиль аймактын борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагерин да абадан бомбалады.

Газа тилкесинин чек ара аймактарында жайгаштырылган Израиль армиясынын артиллериясы түнү бою Шужайе районунун чыгыш бөлүктөрүнө катуу чабуулдарды жасады.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуунун күчөшүнөн көбү балдар болгон болжол менен 19 миң палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар