Иран 32 өлкө менен визаны бир тараптуу түрдө жойду

Маданий мурас, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Иззатулла Зергами билдирүү жасады.

2076183
Иран 32 өлкө менен визаны бир тараптуу түрдө жойду

Туризмди жандандыруу максатында Иран 32 өлкө менен визаны бир тараптуу жоюуну чечти.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, маданий мурас, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Иззатулла Зергами борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин темага байланыштуу билдирүү жасады.

Зергами Министрликтин туризмди жандандыруу үчүн кээ бир өлкөлөр менен визаларды бир тараптуу жоюу сунушун өкмөткө бергенин айтып: «Туризм министрлигинин, белгиленген артыкчылыктарга ылайык 32 өлкөгө визаларды бир тараптуу жокко чыгаруу сунушу министрлер кеңешинде жактырылды»,-деди.

Өкмөттүн сунушту кабыл алганын жана «өлкөнүн эшигин дүйнөгө ачуу чечимине келгенин» маалымдаган Зергами: «Бул өкмөт тарабынан кабыл алынган абдан эр жүрөк жана акылдуу чечим болду. Министрлик катары биздин ишибиз дүйнө эли менен баарлашуу... Бул бир тараптуу визаны жокко чыгаруу чындыгында дүйнө эли менен баарлашуу дегенди билдирет», - деди.

Иран министри, 32 өлкөнүн кайсылар экенин айткан жок.

Тегеран администрациясы 2019-жылдын июнь айында кытайлык туристтерге бир тараптуу түрдө визадан бошотуу чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар