Мексикада куралдуу кагылышуу

Кагылышууда эки тараптан жалпы 11 адам каза болду.

2074526
Мексикада куралдуу кагылышуу

Мексикада бир айылдын тургундары менен кылмыштуу топтун ортосунда чыккан куралдуу кагылышууда эки тараптан жалпы 11 адам каза болду.

Мексика полициясы борбор Мехико шаарынан болжол менен 130 чакырым түштүк-батышта жайгашкан Текскалтитлан шаарындагы бир айылдын тургундары менен кылмыштуу топтун ортосундагы куралдуу кагылышууда 8 кылмыштуу топ мүчөсү жана 3 айыл тургунунун каза болгонун жарыялады.

Кагылышуу учурунда тартылган видеолордо аскер кийим, каска кийген кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана алардын унааларынын айыл тургундары тарабынан өрттөлүп жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кылмыштуу топтун мүчөлөрү кагылышууга  чейин айыл тургундарынан салык  сурашкандарын айтышкан.



Тектеш кабарлар