Израиль аскерлери Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү

Палестинанын расмий маалымат агенттиги  WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Ел Халил шаарынын Дора  аймагынан  26 жаштагы Сари Юсуф Абдулкадир Амрдын үйүндө тинтүү жүргүздү.

2074564
Израиль аскерлери Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шеринанын Ел Халил шаарында  26 жаштагы бир палестиналыкты өлтүрдү. 

Палестинанын расмий маалымат агенттиги  WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Ел Халил шаарынын Дора  аймагынан  26 жаштагы Сари Юсуф Абдулкадир Амрдын үйүндө тинтүү жүргүздү. 

Амр Израиль аскерлеринин тинтүүсү учурунда ок атуусу менен каза болду. 

Ата Юсуф Амр Израиль аскерлеринин үйдүн ичинде уулуна ок атканын, көп кан жоготкон, оор жаралуу уулуна  кийлигишүүсүнө эч кимдин уруксат бербегендигин белгиледи. 

Бир тууганы Сухейб менен Саринин жаралуу камакка алынгандыгын айткан ата Израиль күчтөрүнүн тинтүүдө үйдө талкалап, бара жатып эки унааны конфискациялагандыгын билдирди. 

Ата Амр Израиль күчтөрүнүн өзгөчө үйдөгү  400 миң шекел (108 миң доллар)  накталай акча жана чектерди да алып кетишкендерин айтты. 

 



Тектеш кабарлар