Гутерреш Газа үчүн Коопсуздук Кеңешине кат жиберди

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио  Гутерреш кызматында биринчи жолу БУУнун Уставы боюнча ыйгарым укуктарын колдонуп, Газадагы гуманитардык апаатты алдын алуу үчүн Коопсуздук Кеңешке кат жөнөттү.

2073536
Гутерреш Газа үчүн Коопсуздук Кеңешине кат жиберди

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио  Гутерреш кызматында биринчи жолу БУУнун уставы боюнча ыйгарым укуктарын колдонуп, Газадагы гуманитардык апаатты алдын алуу үчүн Коопсуздук Кеңешке кат жөнөттү.

Башкы катчынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында сөз болгон катты бөлүштү.

Баш катчы катта БУУнун Уставындагы  99 -  беренеге токтолуп "8 жумадан ашуун убакыттан бери келе жаткан Израиль  -  Хамас душмандыгынын коркунучтуу кыйынчылыктарга" себеп болгондугун белгиледи. 

Гутерреш Израилдин аскердик операцияларынан улам Газадагы жарандардын чоң коркунуч астында экендигин, жарандарды коргой турган коопсуз жердин жок экенин, саламаттык сактоо системасынын да кыйраганын баса белгиледи.

Учурда Газадагы абалдын гуманитардык операциялардын жүргүзүлүшүнө мүмкүнчүлүк бербегендигин баса белгилеген Гутерреш Газанын Израиль коргонуу күчтөрүнүн бомбалоосу астында экендигин билдирди. 

Гутерреш Газа калкынын баш калкалай турган жеринин жок экендигин, негизги муктаждыктарын канааттандыра албаганын, аймакка чектелген гуманитардык жардамдын киришинин  мүмкүн эмес экендигин жана ушул себептен  коомдук тартиптин жакында бузулушун күткөнүн баса белгилеп: «Эпидемиялар жана коңшу өлкөлөргө массалык миграция үчүн кысымдын күчөшү  менен абал дагы да начарлайт",- деди. 

Гутереш эл аралык коомчулуктун Газада зомбулуктун күч алышын алдын алуу жана кризистин акырына чыгышы үчүн таасирин  колдонуу жоопкерчилигинин бар экендигин белгилеп : "Коопсуздук Кеңеши мүчөлөрүн гуманитардык апаатты алдына алуу үчүн кысым жасоого чакырам жана гуманитардык ок атышпоону жарыялоо талабын кайталаймын. Шашылыш түрдө жасалышы керек",- деди. 

Жарандардын зыян тартуудан корголуусу керектигин баса белгилеген Гутерреш гуманитардык ок атышпоо менен Газада адамдардын өмүрүн куткарууга боло тургандыгын, гуманитардык жардамдардын убагында жана коопсуз түрдө жеткириле аларын белгиледи. 

БУУнун уставынын 99 - беренси БУУнун баш катчысына  эл аралык тынчтык жана коопсуздукту сактоого коркунуч туудурган бардык маселени Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө жеткирүү жоопкерчилигин  берет.

 



Тектеш кабарлар