Хамас израилдик туткундардын өмүрү үчүн Нетаньяхуну жооптуу деп эсептейт

Хамастын башкаруучуларынын бири Усама Хамдан маалымат жыйынында Газадагы израилдик туткундардын Израиль армиясынын кол салууларынан улам өлүм коркунучу алдында турганын айтты.

2073165
Хамас израилдик туткундардын өмүрү үчүн Нетаньяхуну жооптуу деп эсептейт

Хамас Газа тилкесиндеги израилдик туткундардын өмүрү үчүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жооптуу деп эсептейт.

Хамастын башкаруучуларынын бири Усама Хамдан маалымат жыйынында Газадагы израилдик туткундардын Израиль армиясынын кол салууларынан улам өлүм коркунучу алдында турганын айтты.

Хамдан : «Хамас туткундарды алмашуу келишиминин аякташына тоскоол болуп, Газага кол салуулардын кайра башталышынан улам Нетаньяхуну туткундардын өмүрүнөн толугу менен жооптуу деп эсептейт»,-деди.

Хамдан туткундардын алмашуусуна көңүл буруп, Израиль Газа тилкесиндеги чабуулдарын токтотмоюнча эч кандай туткун алмашуу же сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

Хамдан Израилдин Палестина калкын Газадан күч менен көчүрүүнү пландап жатканын эскертип: «Бул пландарга катышкандардын баары канчалык жакшы ниетте болсо да геноцид жана сүргүн кылмышына шериктеш»,-деп айтты.

Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун максаттарынын «жетилгис» экенин белгилеген Хамдан, Нетаньяху менен Израиль армиясынын өч алуу жана канкордук шыкагы менен кыймыл кылганын баса белгиледи.

Хамдан Нетаньяхунун жеңиштен алыс экенин, азыркы кырдаал анын жеңилүүсүнүн жана согуш кылмышкери катары соттун башталышы экенин белгиледи.

Нетаньяхунун негизги максатынын Палестина элин жок кылуу экенин белгилеген Хамдан, мунун мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

Хамдан Нетаньяху менен Израил армиясынын эки айдан бери жеңиштин образын көрсөтө албаганына көңүл буруп: «Согуш канчалык узакка созулса да жеңиш Нетаньяху жана армиясы үчүн ишке ашпай турган бир кыял, биз ага даярдыктарды көрдүк»,-деп айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Күчөп кеткен кагылышларда көбү балдар болгон 16 миң 200дөн ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар