АКШ: "Израилдин бүгүнкү күнгө чейин кылгандары жетишсиз"

Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында, Газага гуманитардык жардамдын кириши темасына баа берди.

2073344
АКШ: "Израилдин бүгүнкү күнгө чейин кылгандары жетишсиз"

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Израилдин Газага гуманитардык жардамдардын кирүүсү үчүн бүгүнкү күнгө чейин кылгандарынын жетишсиз экенин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында, Газага гуманитардык жардамдын кириши темасына баа берди.

Миллер, Израилдин блокадасы жана кол салуусу астында калган Газага жетиштүү түрдө күйүүчү май, азык-түлүк жана суунун кирбегенине көңүл буруп: «Ушул убакка чейин жасалгандар жетишсиз. Кадамдар тездетилиши керек жана биз муну Израиль өкмөтүнө ачык айттык»,-деди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 16 миң 200дөн ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар