2,8 миллиард киши ысык аба толкунуна дуушар болушу мүмкүн

БУУнун Эл аралык миграция уюму тарабынан жарыяланган отчетто климаттык алмашуунун жалпы дүйнөдөгү калктын кыймылына тийгизген таасирин алдын ала айтуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатканы белгиленди.

2073189
2,8 миллиард киши  ысык аба толкунуна дуушар болушу мүмкүн

2090 – жылга чейин жалпы дүйнөдө ысык аба толкундарына дуушар боло турган киши саны  2,8 миллиардга чейин жетет.

БУУнун Эл аралык миграция уюму тарабынан жарыяланган отчетто климаттык алмашуунун жалпы дүйнөдөгү калктын кыймылына тийгизген таасирин алдын ала айтуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатканы белгиленди.

Отчетто болжол менен 1,3 миллиард адамдын, башкача айтканда, ысык толкундардан таасирлене турган адамдардын дээрлик жарымы Түштүк Азияда жашаары болжолдонгону жана Түштүк Азиянын акыркы 10 жылда 59,7 миллион кишинин жер которуусуна күбө болгондугу белгиленди. жыл климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу.

Ысык аба толкундарынан таасирлене турган адамдардын дээрлик жарымына туура келген  1,3 миллиард кишинин Түштүк Азияда жашай тургандыгы белгиленген отчетто, Түштүк Азиянын климаттык алмашуудан улам  акыркы  10 жылда 59,7 миллион кишинин жер которуусуна  күбө болгондугу белгиленди.

Төмөнкү жана жогорку жылуулук сценарийлеринин келечектеги парник газдарынын концентрациясында ар кандай тенденцияларды көрсөткөнү баса белгиленген отчетто, мунун 2100 - жылга карата глобалдык температуранын 2 градустан азыраак жана 3 - 4 градус Цельсияга чейин жогорулашына алып келери маалымдалды.

Отчетто  2090 -  жылга чейин глобалдык масштабда ысык аба толкундарына дуушар болушу мүмкүн болгон адам санынын 2,8 миллиардга чейин жогорулай тургандыгы айтылды.

2023 -  жылдын тарыхтагы эң ысык жыл болууну улантып жаткандыгы белгиленген отчетто климаттык алмашуунун таасиринин  Африка мүйүзүнөн Тынч океан аралдарына чейин көп адамдарда байкалып жаткандыгы баса белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар