Газада Израилдин жоготуулары көбөйүүдө
Газадагы кагылышууларда дагы 3 израилдик аскердин өлтүрүлгөнү белгиленди.
![Газада Израилдин жоготуулары көбөйүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2ba8/9c7c/a52c/656ed79074488.jpg?time=1718952070)
Израиль армиясы, Газа тилкесиндеги кагылышууларда өлтүрүлгөн аскер санынын 78ге жеткенин кабарлады.
Армиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газадагы кагылышууларда бири офицер 3 израилдик аскердин өлтүрүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө Газанын түндүгүндөгү кагылышууда 4 аскердин да оор жаракат алганы маалымдалды.
Израиль армиясынын кургактыктан чабуулунан кийин Газа тилкесиндеги кагылышууларда өлтүрүлгөн израилдик аскерлердин саны 78ге жетти.
Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасы да кечээ Газа тилкесинде Израиль армиясына таандык 28 аскердик унааны бутага алганын жарыялаган.
Израилде 7-октябрдагы кол салууларда 310дон ашууну аскер 1200 израилдиктин каза болгондугу, 5132 кишинин жараланганы кабарланды.
Ливан чек арасында болсо 6 израилдик аскер өлтүрүлдү.
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине карай кол салууларында көбү аялдар жана балдар 15 миң 899 палестиналык каза болду.