Батыш Шериада өлтүрүлгөн балдардын саны

Save the Children уюму билдирүү жасады.

2071280
Батыш Шериада өлтүрүлгөн балдардын саны

Израилдин оккупациясы астындагы Батыш Шериада быйыл өлтүрүлгөн палестиналык балдардын санынын кеминде 101ге жеткени кабарланды.

Британияда жайгашкан жарандык коомдук Save the Children уюмунун билдирүүсүндө, 7-октябрдан бери израилдик аскерлер же мыйзамсыз отурукташкандар тарабынан өлтүрүлгөн палестиналык балдардын саны 63кө жетсе, дээрлик күн сайын бирден ашык баланын каза болгондугу баса белгиленди.

Батыш Шериада 388 баланын жер которгондугу маалымдалган билдирүүдө, аймакта балдардын абалынын күн өткөн сайын начарлап баратканына көңүл бурулду.

Израилге балдарга карата күч колдонууну токтотуу чакырыгы айтылып, балдардын өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшү керектиги баса белгиленди.

Save the Children уюму буга чейин да Израилдин Газага кол салууларында каза болгон балдардын санынын, 2019-жылдан бери дүйнөдөгү бардык кагылышуу аймактарында каза болгон балдардын жалпы санынан ашып кеткенин жарыялаган.



Тектеш кабарлар