Министр Фидан Нью-Йоркто сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

Хакан Фидан Израиль-Палестина кагылышуусун токтотуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга карата сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Нью-Йоркко барды.

2071004
Министр Фидан Нью-Йоркто сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө
Fidan-Temas Grubu-Guterres.jpg
Fidan-Temas Grubu-Vang Yi.jpg
fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Газада тез арада гуманитардык ок ​​атышпоонун түзүлүшү зарылдыгын баса белгиледи.

Министрликтин X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүгө караганда, Хакан Фидан Израиль-Палестина кагылышуусун токтотуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга карата сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Нью-Йоркко барды.

Фидан Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Араб Лигасы тарабынан түзүлгөн Сүйлөшүү тобуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, Кытайдын тышкы иштер министри да болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кезектеги төрагасы Ванг Йи жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушууда Газада толук ок атышпоонун камсыздалышы, аймакта адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн эмнелерди кылса болору талкууланды.

Фидан Нью-Йорктогу БУУнун имаратында ИКУ жана Араб Лигасынын Сүйлөшүү тобу менен пресс-конференция өткөрдү.

Эл аралык коомчулуктун укуктук жана ахлактык милдеттерин аткарышы үчүн Сүйлөшүү тобунун абдан катуу иштеп жатканын билдирген Фидан: «Менин оюмча бул абдан маанилүү, анткени ахлактык компасты жоготсок, адамдык багытыбызды жоготобуз»,-деди.

Фидан эл аралык коомчулуктун саясий жана гуманитардык бардык тармактарда керектүү аракеттерди жасашы керектигин баса белгилеп: «Чукул гуманитардык ок ​​атышпоого, шашылыш гуманитардык жардамга муктажбыз»,-деди.

Ошол эле учурда Израиль-Палестина проблемасынын түпкү себептеринин тез арада чечилиши керектигине көңүл бурган Фидан, эки мамлекеттүү чечимдин маанилүүлүгүнө токтолду.



Тектеш кабарлар