БУУнун Климаттык алмашуу конференциясы тууралуу билиниши керек болгон маанилүү 5 пункт

Климаттын тез өзгөрүшү адамдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана көптөгөн жаныбарлардын тукум курут болуу коркунучун жаратты.

2070914
БУУнун Климаттык алмашуу конференциясы тууралуу билиниши керек болгон  маанилүү  5 пункт

БУУ жыл сайын өткөргөн жана COP (Conference of the Parties) деп билинген Климаттык алмашуу саммити Бириккен Араб Эмирликтеринин  борбор шаары Дубайда башталды. 30 -  ноябрь жана  12 -  декабрь күндөрүнүн арасында өтө турган COP28ге 197 өлкөдөн  70 миңден ашуун зыяратчы катышат. Саммитке катышкан өлкөлөр  1992 -  жылы кабыл алынган БУУнун Климаттык алмашуунун алкактык келишимин (UNFCCC) кабыл алышты. Климаттык алмашуу түрдү жактары менен карала турган саммитте көп сандаган отурум өткөрүлөт.

Бул жылы өткөрүлө турган саммит тууралуу негизги 5 пункт төмөнкүчө :

1) Климаттык алмашуунун жыйынтыгы оор болот

Климаттык алмашуу эми тана талашсыз бир чындык катары бүткүл дүйнөнүн алдында турта. Фосил  отундарды колдонуунун кеңири таралышы жана анын натыйжасында парник газдарынын эмиссиясынын көбөйүшү дүйнөдөгү температуранын жогорулашына себеп болду.

Глобалдык температуранын жогорулашы аба ырайынын өзгөрүшүнө жана экстремалдык аба ырайынын жана табигый кырсыктардын тез - тез болушуна алып келди. Токой өртү, суу ташкыны, бороон-чапкын, жер көчкү, кургакчылык сыяктуу окуялар тез-тез каттала баштады.

Климаттын тез өзгөрүшү адамдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана көптөгөн жаныбарлардын тукум курут болуу коркунучун жаратты.

2) COP28 мурунку келишимдерден да алдыга жылууну көздөйт

Кол коючу өлкөлөр Климаттык алмашууга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн COP процессин 1995-жылы баштаган. COP саммиттери климаттын өзгөрүшү боюнча саясатты түзүүгө жана ар кандай кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташууга мүмкүндүк берет.

Саммиттердин алгачкы конкреттүү натыйжаларына 1997 - жылы кол коюлган Киото протоколу менен жетишилген. Бул протокол 2008 - 2020 - жылдар аралыгында өнүккөн өлкөлөр үчүн климатка байланыштуу ар кандай эрежелерди, анын ичинде парник газдарынын эмиссиясын кыскартууну камтыган. Кийинчерээк протокол ишке ашпагандыктан  айыпталды.  Негизги себеп катары АКШ, Кытай жана Австралия өңдүү эмиссиясы көп өлкөлөр келишимди ратификациялаган эмес.

COP21 саммити климаттын алмашуусу боюнча эң маанилүү келишимдин пайда болушуна алып келди. 2015-жылы кол коюлган Париж келишими бардык мамлекеттерди биринчи жолу климаттык алмашууга каршы күрөшүү максатында бириктирди.

Париж келишими менен өлкөлөр глобалдык жылуулукту өнөр жай төңкөрүшүнө чейинки деңгээлден 2 градус төмөн кармап туруу боюнча тарыхый келишимге жетишти жана чекти 1,5 градус деп коюшту.

Андан бери сүйлөшүүлөр Париж келишими белгилеген  жол картасы жана максаттарга ылайык тынымсыз жүрүп жатат.

 



Тектеш кабарлар