Блинкен Израилде

Блинкендин 7-октябрдан бери үчүнчү Жакынкы Чыгыш сапарынын биринчи аялдамасы Израиль болду.

2070762
Блинкен Израилде

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израиль менен Хамастын   ортосунда  түзүлгөн  «гуманитардык тыныгууну» узартуу жана Газага гуманитардык жардам көрсөтүүнү талкуулоо үчүн Тель -  Авивге барды.

Блинкендин 7-октябрдан бери үчүнчү Жакынкы Чыгыш сапарынын биринчи аялдамасы Израиль болду.

Блинкен сапарынын алкагында Израилдин расмий өкүлдөрү менен Газадагы «гуманитардык тыныгуу», Хамастынколундагы  туткундардын бошотулушу жана Газага жардамдарды талкуулады. Блинкендин Израилдеги    жолугушууларынан кийин Жакынкы Чыгыш сапарын улантаары күтүлүүдө.

Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу келишминин негизинде  24 -  ноябрда Газадагы кагылышууларга 4 күндүк "гуманитардык тыныгуунун" берилишине чечим чыгарылган.

Катар менен Египеттин ортомчулугу менен болгон кыйыр сүйлөшүүлөрдөн кийин бул туткун алмашуу жана «гуманитардык тыныгуу» дагы 2 күнгө узартылды.

Израиль армиясы Газа тилкесинде алты күндөн бери улантылып жаткан, Түркия убактысы боюнча бүгүн эрте менен  саат 08:00дө убактысы толгон "гуманитардык тыныгуунун" узартылгандыгын жарыялады.

Израиль армиясынан берилген билдирүүдө "гуманитардык тыныгуунун" канча күншө узартылгандыгы тууралуу маалымат берилген эмес. Хамастан берилген билдирүүдө болсо "гуманитардык тыныгуунуну" бир күншө узартылышына чечим чыгарылгандыгы маалымдалган. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө болжол менен 16 миң палестиналык каза болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар