Беньямин Нетаньяху туткундарды бошоткондон кийин кол салууну уланта тургандарын айтты

Басма сөз кеңсесинен берилген видеобилдирүүдө Нетаньяху Хамас менен түзүлгөн келишимдин негизинде көп сандаган израилдик туткундун бошотулгандыгын эске салды.

2070778
Беньямин Нетаньяху  туткундарды бошоткондон кийин кол салууну уланта тургандарын айтты

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху Хамастын колундагы туткундарды бошоткондон кийин блокада астындагы Газа тилкесине карата кол салууларды уланта тургандарын айтты.

Басма сөз кеңсесинен берилген видеобилдирүүдө Нетаньяху Хамас менен түзүлгөн келишимдин негизинде көп сандаган израилдик туткундун бошотулгандыгын эске салды. 

Израиль армиясынын туткундарды алмаштыруу үчүн берилген «гуманитардык тыныгуу» аяктагандан кийин Газага кайрадан кол сала турганын белгилеген Нетаньяху: «Акыркы күндөрдө бир суроо уктум; барымтадагыларды кайтаруу этабынан кийин Израиль согушка кайтабы? Жообум ооба. Акырына чейин согушка кайтпоо сыяктуу жол жок",- деди.

 

Ошол эле учурда Израилдин башкы штабынын төрагасы Герзи Халевинин блокададагы Газа тилкесине каршы кол салуу планын «гуманитардык тыныгуудан» кийин бекиткени билдирилди.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө, Түштүк командирлигине барып жогорку даражалуу командирлер менен жолугушкан Халевинин 24 - ноябрда башталган «гуманитардык тыныгуудан» кийин Газага карай кол салуу планын бекиткендиги айтылды.

Халвенин бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : "Эмне жасалышы керектигин билебиз жана кийинки баскычка даярбыз",- деп айтканы билдирилди. Израилдин коргоо министри Йоав Галланттын Газадан туткундарды алып келүү үчүн чалгындоо бөлүмүнүн жетекчилери менен жолугушканы маалымдалды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда Галлант Израиль армиясынын Газага карай кол салууларын кайра баштоого даяр экендигин айтты.

 

Израиль менен Хамастын ортосунда 24 - ноябрдагы туткун алмашуунун алкагында Газадагы кагылышууларда 4 күндүк «гуманитардык тыныгуу» келишими түзүлгөн.

Сөз болуп жаткан келишим кийин 2 күнгө узартылды.

Израиль армиясы "гуманитардык паузанын" бүтөөрүнө бир нече мүнөт калганда узартылганын жарыялады.Израиль "гуманитардык тыныгуунун" канча күнгө узартылганын белгилебестен,  Хамас  бир күн экендигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар