Батыш Кудста кагылышуу

Кудстун батышында таңга маал атышуулардын үнү угулду.

2070931
Батыш Кудста кагылышуу

Газада гуманитардык тыныгуу уланып жатканда, Батыш Кудстагы кагылышууда 2 палестиналык жана 3 израилдик каза болду.

Кудстун батышында таңга маал атышуулардын үнү угулду.

Израиль полициясынын маалыматына караганда, Рамот шаарындагы автобус аялдамасына жакын жерде атышуу болду.

Кагылышууда эки палестиналык өлтүрүлдү. Окуяда 3 израилдик каза болуп, үчөөнүн жарадар болгону маалымдалды.

Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди.

Окуядан кийин аймакка көптөгөн коопсуздук кызматкерлери жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар