Эрдогандын сөздөрү бүткүл дүйнөгө жаңырды

Эрдоган, Израилдин Газадагы кыргындарына каршылык көрсөттү.

2070611
Эрдогандын сөздөрү бүткүл дүйнөгө жаңырды

Израилдин Газага кол салууларында миңдеген адамдардын өмүрү кыйылды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракция жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газадагы кыргындарына каршылык көрсөттү.

"Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху атын тарыхка Газа касапчысы катары жаздырды" деген Эрдогандын сөздөрү дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алды.

Маалымат агенттиктери Эрдогандын билдирүүлөрүн соңку кабар катары абоненттерине жеткирсе, көптөгөн гезиттер бул абалга кеңири орун беришти.

Франциядагы France 24 телеканалы «Президент Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну "Газа касапчысы" деп атады», -деди.

Грециянын «Та Неа» гезити да «Эрдоган: Нетаньяху Газа тилкесинин касапчысы катары тарыхта калат» деген баш сөз менен окурмандарынын алдына чыкты.

Израилдеги Ynet news гезити: «Президент Эрдоган Газа тилкесиндеги ок атышпоонун узартылышына чакырып, Нетаньяхунун тарыхка өз атын "Газа касапчысы" катары эчак эле жазганын айтты»,-деп билдирди.

Германиянын Welt гезети Эрдогандын «Нетаньяху Газа касапчысы катары тарыхта калды» дегенин жазган. 

«Эрдоган Израилдин кол салууларын “мыкаачылык”, Нетаньяхуну “касапчы” деп мүнөздөдү”,-деген кабарда: «Эрдоган Газа тилкесиндеги өлүмдөрдүн жооптуусу катары Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жарыялады» деп маалымдалды.

Француз маалымат агенттиги AFP да: «Эрдоган Нетаньяхуну "Газа касапчысы" деди» деп билдирди.



Тектеш кабарлар