Марианна Буданова ууланды

Бул тууралуу Чалгындоо башкы башкармалыгы билдирүү тарата турганы маалым болду.

2069888
Марианна Буданова ууланды

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановдун жубайы Марианна Буданованын ууланганы айтылды.

Укринформ агенттигинин ооруканадагы булактарга таянып берген кабарында, 30 жаштагы Буданованын "оор металлга уулануу" боюнча дарыланып жатканы кабарланды.

Бул тууралуу Чалгындоо башкы башкармалыгынын билдирүү тарата турганы маалым болду.

Украин басма сөзүндө, 2022-жылдын 24-февралында орус-украин согушу башталгандан бери Кирилл Будановго каршы кеминде 10 жолу кол салуу болгону айтылууда.



Тектеш кабарлар