Иранда болгон токой өртү

Ирандын Каспий деңизинин жээгиндеги Гилан провинциясында ишембиден бери 80 гектар токой аянтынын күйгөндүгү билдирилди.

2069809
Иранда болгон токой өртү

Ирандын Каспий деңизинин жээгиндеги Гилан провинциясында ишембиден бери 80 гектар токой аянтынын күйгөндүгү билдирилди.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Гилан провинциясынын жаратылыш ресурстарын жана суу бассейндерин коргоо уюмунун төрагасы Сейед Мазяр Разеви провинцияда ишемби күнү кечтен бери 80 гектар токой аянты өрттөлгөнүн белгиледи.

Резеви өрттүн көпчүлүк аймактарда көзөмөлгө алынганын жана өчүрүү иштеринин уланып жаткандыгын айтты.

Резеви Талиш шаарындагы токой аянтынын айрым жерлеринде катуу шамалдын таасири менен өрттүн уланып жатканын, аларды көзөмөлдөө жана өчүрүү аракеттеринин жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Гилан губернаторлугунун Кризис башкармалыгынын билдирүүсүндө аймакта 6 үйдүн өрттөн жабыркаганы, бирок каза болгондор жана жаралуулар тууралуу маалымат берилген жок.

 

 



Тектеш кабарлар