Француз юристинен түрк басма сөзүнө алкыш...

Өлкөнүн борбор шаары Париждин чет жакасындагы Стейн шаарында Израилдин Газадагы кол салуулары жана геноцид кылмышы себептүү жүздөгөн адвокаттын 9-ноябрда Эл аралык кылмыш сотуна берген арыздарына байланыштуу маалымат жыйыны өткөрүлдү.

2068887
Француз юристинен түрк басма сөзүнө алкыш...

Палестиналыктарды Эл аралык Жаза Сотунда (ICC) коргогон француз адвокат Гиллес Деверс түрк басма сөзүндө тартылган сүрөттөрдүн Израилдин Газада ак фосфор бомбасын колдонгонун далилдөөдө чоң роль ойногонун айтты.

Өлкөнүн борбор шаары Париждин чет жакасындагы Стейн шаарында Израилдин Газадагы кол салуулары жана геноцид кылмышы себептүү жүздөгөн адвокаттын 9-ноябрда Эл аралык кылмыш сотуна берген арыздарына байланыштуу маалымат жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга палестиналык жабырлануучуларды Эл аралык соттун алдында коргоп, арыздарын тапшырган француз адвокаты Деверс, Стейн шаарынын мэри Аззедин Тайби жана көптөгөн юристтер катышты.

Деверс бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Газада болгондорго реакция кылууну көздөгөндөрүн белгиледи.

Түрк басма сөзүндө тартылган фотосүрөттөр менен Израилдин Газада ак фосфор бомбасын колдонгонун далилдешинде чоң роль ойногондугун айткан Деверс: «Бул жерде түрк басма сөзүнүн ролу чоң, бизде ак фосфордун туура эмес колдонулушу боюнча ачык сүрөттөр бар»,-деди.

Деверс Газада геноцид болгонун жана Америка армиясы бир жылда Ооганстанда колдонгондой бомба 4 күндө аймакка ташталганын айтты.

Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларында көбү аялдар жана балдар болгон 15 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар