Немис өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы эвакуация күчүн чыгарууда

Немис өкмөтү жарандарынын ыктымалдуу эвакуациясы  үчүн Жер Ортолук деңизге жайгаштырылган  аскерлердин көпчүлүгүнүн өлкөгө кайтуусун талап кылды.

2067541
Немис өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы  эвакуация күчүн чыгарууда

Немис өкмөтү жарандарынын ыктымалдуу эвакуациясы  үчүн Жер Ортолук деңизге жайгаштырылган  аскерлердин көпчүлүгүнүн өлкөгө кайтуусун талап кылды. 

Берлиндеги коопсуздук булактарынын шейшемби күнү немис  басма сөз агенттигине берген маалыматка караганда  1000ге жакын немис аскери шаршемби күндөн тарта Кипр аралынан кетет. 
Немис куралдуу күчтөрүнөн  200 кишилик,  аялдар жана эркектерден турган бөлүк менен каражаттар артта калат. Бул чечим кырдаалга баа берилгенден кйин  чыгарылгандыгы белгиленди. 

Шейшемби күнү  кечки сааттарда Федералдык коргоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : "Федералдык армия дүйнөлүк машстабдагы кырдаалдарга жооп берүү үчүн булактарын көпчүлүк учурда эвакуация операциялары үчүн даяр кармап турат",- деп айтылды. Германияга кайтып келген күчтөрдүн "абал начарлай турган болсо ылдам түрдө каршылык көрсөтүү" максатында даяр турары айтылды. 

Федералдык армия өзгөчө немис деңиз күчтөрүнөн атайын топтор менен кургактык күчтөрүнүн атайын күчтөр командирлигинин бир бөлүгүн да абалга кийлигишүү үчүн Кипр жана Иорданияга жиберген. 

 



Тектеш кабарлар