Газалык балдар БУУга кат жазды

Газалык балдар БУУга кат жазып, дүйнөдөгү балдар ээ болгон  негизги укуктарын талап кылышты.

2066946
Газалык балдар БУУга кат жазды

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана иш жүргүзүү агенттиги (UNRWA) иш алып  барган Газадагы бир мектептин окуучулары БУУнун комиссары Филип Лазариниге кат жөнөтүштү.

Израиль кол салуулары менен негизги укуктарынан ажыратылгандыгын белгилеген балдар катта : "Биз бүгүн сиздерге  терең кайгы жана тынчсыздануу менен кайрылып жатабыз. Күн сайын Газадагы үй  -  бүлөлөрдүн  баары бомбаланууда жана өлтүрүлүүдө. Газадагы үй  - бүлөлөр  40 күндөн ашуун убакыттан бери азык  - түлүк, суу жана негизги турмуштук муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күйүүчү майдан ажыратылып, дээрлик толугу менен куроого алынды. Бул чындык кыйынчылыгыбызды  күчөтүүдөн башка  эч бир ишке жарабай жатат", -  деди. 

Газада учурдагы абалдан улам негизги муктаждыктары болгон турмуштук укуктарынын колдорунан алынышынын кайгысын жашап жаткандарын белгилеген балдар : "Газадагы балдар үчүн бүткүл дүйнө балдары ээ болгон негизги укуктарды талап кылабыз жана баарыдан мурда жашоо  укугу, коопсуздук жана тынчтык укугу, азык  - түлүк, дары  - дармек укугу, Газадагы миңдеген үй  -  бүлөнүн бир гана баш калкалоочу жери болгон, бирок эл аралык кол тийбестигине карабастан бомбалоо жана кыйроодон кутула албаган мектептеринде оюн ойноо жана билим алуу укугу",- деди.

Тынчтыкка чакырган балдар дүйнөдөн колдоо күткөндөрүн баса белгилеп : "Бул согушта бейкүнөө балдар жана үй  - бүлөлөр тартып жаткан кыйынчылыкка күн сайын күбө болуп, укуктарыбызды колдоно албастан, аларга каршы бул адилетсиздикти түшүнө албай жатабыз. Балдар мындай коркунучтуу шарттарда канча жашай алат? Бардык негизги укуктарын жоготкондоруна карабастан согушту токтотуу үчүн дүйнөнүн төрт тарабындагы коомдордон жардам күтүүнү улантууда. Дүйнө алардын кыйынчылыгына үн катпастан турат. Үндөрү эмне себептен угулбай жатат? Эмне себептен бул бардык кыйынчылыктарга жалгыз  чыдоого мажбур? Алардын кыйынчылыгын акырына чыгаруу үчүн жардамдарыңыздарга жана эл аралык аракетке муктажбыз. Газадагы балдар үчүн тынчтык жана коопсуздук чакырууларыбызды угуп жана аларды колдоп, коргойсуздар деп ойлойбуз", - деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар